Премьер-министр: Мамлекеттин бардык ресурсун региондорду өнүктүрүүгө багыттообуз керек

Автор -
208

Биз мамлекеттин бардык ресурсун региондорду өнүктүрүүгө багыттообуз керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 11-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

«Өлкөнүн 70 пайыздан ашуун калкы аймактарда жашайт, мында калктуу пункттардын көп бөлүгү дотацияда турат жана өнүккөн инфраструктурага жана активдүү ишкер чөйрөгө ээ эмес. Бул абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялады. Мамлекет башчысынын Жарлыгы мамлекеттин жана жалпы коомдун күч-аракетин аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө бириктирүүгө багытталган маанилүү документ болуп саналат», – деди Премьер-министр.

Бөлүшүү