Премьер-министр Сапар Исаков өлкөнүн бир катар министрлерине сөгүш жарялады

Автор -
222

Премьер-министр Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, министрлик жана административдик ведомстволордун бир катар жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды.

Аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, өкмөттүн токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарынын Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн төмөнкүлөргө сөгүш жарыялансын:

Самат Бөрүбаевге — Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

Уран Ахметовго –юстиция министри;

Бактыбек Секимовго –Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы;

Азамат Эркебаевге — Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Илияз Ташбаевге — Мамлекеттик мүлктү башкару боюнча фонддун статс-катчысы.

Өкмөттүн коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат ордун киргизүү жөнүндөгү буйругун аткарбоо үчүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге белгиленген тартипте сөгүш жарыяланды.

2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

Адылбек Касымалиевге – каржы министри;

Төмөнкүлөргө катуу сөгүш жарыялансын:

Артем Новиковго – экономика министрине;

Гүлмира Кудайбердиевага – билим берүү министри;

Нурбек Мурашевге – айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Уланбек Рыскуловго – Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Абдыкалык Рустамовго –Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Бактыбек Абдиевге –Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

Аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, өкмөттүн токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын аткаруу жөнүндө так эмес жана сапатсыз маалымат бергендиги, 2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Бөлүшүү