Президент Бишкек шаарындагы Балдар үйүнө барды (Фото)

Автор -
357

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнү Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген Борборго (Балдар үйү) барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Балдар үйүнүн имаратын карап чыгып, балдарды тарбиялоонун шарттары менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашты.

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Мамлекет башчысы үчүн чакан концерт көрсөтүштү.

Балдарга белектер, таттуулар жана жемиштер тапшырылды. Ошондой эле Балдар үйүнүн имаратын оңдоп-түзөөгө 500 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Баарлашуу учурунда Президент Сооронбай Жээнбеков ушунча баланы тарбиялап, багып, аларга мээримин төгүп, бүт өмүрүн арнап, эли-жерине жана Мекенге кызмат кыла турган балдар-кыздарды өстүрүп жаткан тарбиячыларга ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге ал балдар үйлөрүндө жана интернаттарда балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп, жетим балдарга караганда, ата-энеси бар тирүүлөй жетимдер көбөйүп жатканын өкүнүү менен белгиледи.

«Балдарды багып алгысы келгендер көп, бирок, аларга ашыкча бюрократия көптөгөн тоскоолдуктарды жаратууда. Бала асырап алуудагы бюрократияны жок кыла турган реформаны жүргүзүш керек. Ошондо балдар үйлөрүндө эмес, үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдар көбөймөк, ал эми балдар үйлөрү азаймак», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Маалымдама Балдар үйү — жетим балдардын, багуусуз калган балдардын жана акыл-эси кем, физикалык жактан мүчүлүштүгү бар балдар үчүн саламаттык сактоо системасынын реабилитациялык-тарбиялоочу мекемеси.

Негизги милдеттери — балдардын өз учурунда жана толук кандуу физикалык жана психикалык өнүгүүсүн, саламаттыгын камсыздоо, алардын коомдогу алдыдагы жашоосуна социалдык жактан көндүрүү болуп саналат.

Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген Борбор 110 балага эсептелип, анда жаңы туулгандан тартып, 4 жашка чейинки балдар тарбияланат.

Бөлүшүү