Президент көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлады (Сүрөт)

Автор -
591

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда Энелер күнү майрамынын алдында уюштурулган салтанаттуу аземде Кыргызстандын баардык аймактарынан келген көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлады жана Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан кыргызстандыктардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Энелердин күнү менен куттуктап, бул майрам өзгөчө экенин белгиледи.

«Бул дүйнөдө Энеден өткөн Ыйык түшүнүк жок. Баланын эң жакын, касиеттүү адамы дагы бул — Эне. Энеге гана ыйык деген сөз жарашат деп айтаар элем. Эне гана ыйык деген сөзгө татыктуу. Энелерге күнүгө урмат-сый көрсөтсөк дагы аздык кылат. Өзгөчө майрам күндөрү биз ушул жарык дүйнөгө алып келген апаларыбызды ар дайым эстейбиз. Мээрибизди тартуулап, урмат-сыйга бөлөп, колдон келген белектерди берүүгө аракет кылабыз. Өтүп кеткен апаларыбыздын акыл-насааттарын эстеп, куран окуп, бейиштерин тилейбиз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал апанын тарбиясы өзгөчө, балдарын кандай тарбияласа, ошол нерсе мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасир берээрин белгиледи.

«Пайгамбарыбыз «Бейиш эненин таманында”, «Дүйнөдө бир чоң карыз бар, ал эненин сүтү» деп нуска айткан. «Эне алдындагы карызды кантип төлөйбүз?» деп сураганда, Пайгамбарыбыз айткан экен: Адам бол, адам бол, адам бол!» деп. Сиздер адамды бул дүйнөгө жаратып, тарбиялап, мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатасыздар. Ар бир ата-эненин тилегени — балдарым ыймандуу, кайрымдуу болсо экен, эли-журтуна, Мекенге кызмат кылса экен деп тилек кылат. Ушундай балдарды өстүрүп жатасыздар», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы салтанаттуу аземде Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан жарандар, балдар жана кыздардын энелери отурганын айтты.

Алар — кинорежиссер Руслан Акундун апасы Канышай Акунова, мыкты көк-бөрүчүлөр Манас, Жаныш, Байыш Ниязовдордун апасы Айсалкын Эсенбаева, жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслованын апасы Галина Маслова, шахматчылар Руслан, Арзыбек, жана Айжан Съездбековдордун апасы Гүлбарчын Калдыбаева, балет артисттери Максат жана Марат Сыдыковдордун апасы Гүлкайыр Карабекова, хореография режиссеру Тилек Кийизбаевдин апасы Фаризатхан Кийизбаева, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу Асель Сартбаеванын апасы Дамира Сартбаева.

«Сиздер тарбиялаган балдарыӊар жана кыздарыңар ата-энесине эле эмес, бүтүндөй эл-жерине намыс алып келип жатат. Ушундай мамлекетке, элге кызмат кылып аткан элдик уул-кыздарды өстүргөн сиздерге чоң ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы энелерди көргөн сайын, өзүнүн апасын эстегенин, ошол асыл сезимди ыроологон энелерге ыраазычылык айтты.

Салтанаттуу аземди жыйынтыктап жатып, Президент Сооронбай Жээнбеков энелерге бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалады.

«Баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүңүздөр. Өлкөнүн керегине жараган, өз өлкөсүн сүйгөн, элибиздин түндүгүн бийик көтөрөм деген уул-кыздарды төрөп, тарбиялап, уядан учурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем! Эң бийик  «Баатыр эне» деген наамды тапшырып жатканыма абдан кубанычтамын. Сыйлыгыӊыздар кут болсун!», — деди Мамлекет башчысы.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1354 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 454 эне – «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

 

Бөлүшүү