Президентке караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү

Автор -
246

Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарттарды, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнү, мамлекеттик башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда инновациялык ыкманы колдонууну камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү.

Кенешти түзүү тууралуу Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны экспертизадан өткөрөт жана аны өркүндөтүү боюнча, анын ичинде эл аралык интеграциялык процесстер жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.

Ошондой эле санариптик трансформациялоонун маселелери, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, санариптик экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле санариптик трансформациялоо менен байланышкан башка маселелер боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эксперттик кеңештин жүктөлгөн функцияларды аткаруусуна ар тараптан көмөк көрсөтүп, анын ичинде мамлекеттик сырды жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды камтыган документгерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берет.

Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлөт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Бөлүшүү