Примов жеке компаниялардын эсебинен сыртка чыгууга тыюу салууну сунуштады

Автор -

Парламенттин 17-майдагы жыйынында ЖЭБ маселесин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примов жеке компаниялардын эсебинен аткаминер, депутаттардын чет мамлекеттерге барышына тыюу салуу демилгесин көтөрдү.

«Кытай Кыргызстан эгемендик алгандан тартып ар тараптан жардам берип келет. Өлкөнүн тышкы инвестициясынын басымдуу бөлүгүн Кытай ээлейт. Биз эки элдин ортосундагы мамиле мындан ары да жылуу жана достукта болоруна ишенебиз. Бирок ар бир мамлекет өз мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүнүн тышкы жана ички карыздарын көзөмөлдөп, талдап турушу зарыл. Азыртан тышкы карызды төлөө аракетин көрүшүбүз керек. Мындай чоң кредиттерди алууда сөзсүз кетирген кемчиликтерди эске алуу менен компаниялардын ишине көз салып, акча туура пайдаланылып жатабы же кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына сарпталып жатабы, аларды тыкыр текшерип, коомчулукка тааныштырып турууга тийишпиз. Ошондой эле депутат, министр, мамлекеттик кызматкерлердин жеке компаниялардын эсебинен сыртка чыгышына мамлекеттик деңгээлде тыюу салыш керек»,-деп билдирди Примов.

Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө ЖЭБди модернизациялоо тууралуу Кытай менен келишим парламенттен ратификация болгонго чейин ТВЕА компаниясынын ишмердиги менен таанышуу үчүн депутаттардын ар башка эки тобу Кытайга бир сыйра барып келгени аныкталган. Мындан сырткары өкмөттүн жана министрликтердин өкүлдөрү да келишимдин шарттарын макулдашуу максатында барганы белгилүү болгон.

Буга чейин парламенттеги талкуу учурунда ​Кытайга иш сапар менен барган депутаттар тобуна да баа берүү сунушу айтылган.

ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын «Эксимбанкынан» 386 миллион доллар насыя алынган. Модернизациялоо ишин кытайлык ТBЕА компаниясы жүргүзгөн.

 

Бөлүшүү