«Республика — Ата Журт» фракциясы мэрдин отчетун жактырган жок

Автор -
205

Бишкек шаардык кеңешинин «Республика — Ата Журт» фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун угуп, аны «канааттандыраарлык эмес» деп тапты. Муну фракция депутаттары шаарда аткарылган иштерге караганда аткарылбай калган иштер көп болуп калганы менен түшүндүрүштү. Депутаттар баш калаанын жолун оңдоо начар жүргөнүн, шаарда жерлер сатылып кеткенин да мэрдин ишинин начардыгы катары эсептешти.

Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары өзгөчө Ош базарындагы өрт кайра-кайра кайталанганын, аны мэрия алдын албай калганы аз келгенсип, эч ким жоопко тартылбай калганын да жүйө келтиришти.

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары Албек Ибраимовдун отчету боюнча маселени Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына алып чыкмай болушту.

Бөлүшүү