Роскомнадзор: Орусияда Google жабыла баштады

Автор -
265

Орусияда Google издөө системасынын айрым IP-даректери жабыла баштаганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Орусиянын байланышты көзөмөлдөө федералдык кызматынын (Роскомнадзор) маалыматына караганда, Google компаниясы аталган органдын талаптарын ишке ашырган эмес. Тагыраагы, соттун чечимин бузуу менен Telegram Messenger Limited Liability Partnership компаниясы Россиянын аймагында ишкерлик жүргүзүү үчүн өзүнүн IP-даректерин колдонууга уруксат берип жатат.

«Буга байланыштуу Роскомнадзор Google компаниясынын Telegram колдонуп жаткан Google компаниясынын IP-даректерин тыюу салынган даректердин тизмесине киргизди», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 16-апрель күнү Таган райондук соту Орусиянын көзөмөл комитетинин дооматын канааттандырып, Telegram тиркемесин Орусия аймагында колдонууга тыюу салган.

Бөлүшүү