Рыскелди Момбеков: «Бюджет» деген сөз кыргыздын «бүт жейт» деген эле сөзүнөн алынса керек

Автор -
384

«Бюджет» деген сөз кыргыздын «бүт жейт» деген эле сөзүнөн алынса керек» деди бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков.

Жыйын учурунда өкмөттүк аппараттын башчысы Мурат Мукамбетовго кайрылып, акционердик коомдордун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн азайтууга чакырды.

«Учурда акционердик коомдордун чогулуштары өтүп жатат. Мен акционердик коомдун директорлор кеңешине бир эле жерге 6-7 адам дайындалып жатканына түшүнбөй жатам. Директорлор кеңешине барган кишилер айлык албайт дейт. Сиз ушуга ишенесизби? Мына Асел Союзбековна (Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары) директорлор кеңешине мүчө болгон, квартал сайын айлык алчу, мен деле алчумун. Азыр булар биз албайбыз, баш тартабыз деп жатышпайбы. Айлыктан, байлыктан баш тарткан кыргызды табыш кыйын го дейм. Акылбек Жамангулов акционердик коомдорду териштирип чыгып, 400 миллион сомдон ашык демөөрчүлүк жардам бергенин айтты. «Кой тууй албай жатып, эчкиге арача түшөт» дегендей, өздөрү өкмөттөн ссуда катары акча сурап жатат. Насыя алып жатат да, бул жакка демөөрчүлүк кылат. Ошондуктан акционердик коомдордун бардыгын иликтеп чыгуу үчүн протоколдук тапшырма бериңиз. Бул бюджеттин акчасы да. Бажаларын, балдыздарын багып жатабы, ким билет? 400 миллион эмне деген акча. «Бюджет» деген сөз ушул кыргыздардын эле «бүт жейт» деген сөзүнөн алынса керек. Жегендин, дегендин баары эле ошол бюджетте», — деди Момбеков.

 

Бөлүшүү