Санкт-Петербург: «Кыргызстандын жылуу шамалы» аттуу көргөзмө ачылды

Автор -
203

Санкт-Петербургдагы Таврия сарайында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Тамила Маматова менен Таалайбек Мусурманкуловдун эмгектери коюлган көргөзмө «Кыргызстандын жылуу шамалы» деп аталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көргөзмө КМШда быйыл жарыяланган Маданият жылынын алкагындагы иш-чара экендигин билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова баштаган депутаттар Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине  кирген өлкөлөрдүн Парламент аралык ассамблея кеӊешинин жыйынынын алкагында ушул көргөзмөгө катышты.

Көргөзмө жана Парламент аралык ассамблея кеӊешинин жыйыны ушул күндөрү өтүп жатат.

Бөлүшүү