Санжар Уметалиев Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги өкүлү кызматынан бошотулду

Автор -
291
Сүрөт: www

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Уметалиев Санжар Болотбекович Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы катары ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүшүү