Сапар Исаков камакка алынды

Автор -
211

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан мурунку премьер-министр С.Исаковго карата баш коргоо чарасы тергөө аягына чейин КР УКМКнын тергөө камак жайына кармоо болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

«2018-жылдын 29-майында «Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу» коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр С.Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү