Сапар Исаков: Мамлекеттин маанилүү милдети – дени сак муунду тарбиялоо

Автор -
0

Премьер-министр Сапар Исаков 27-февралда Азиянын спорттук күрөш боюнча 31-чемпионатынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы өз сөзүндө чемпионаттын катышуучуларын жана конокторун иш-чаранын ачылышы менен куттуктап, жалпы өнөктөштөргө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү ири масштабдагы жаркын майрам биздин мамлекеттин сергек жашоо образын жайылтуу, дени сак муунду тарбиялап чыгаруу, ошондой эле мамлекетибиздин эл аралык спорттук аренадагы аброюн жогорулатуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Спорттук күрөш өлкөбүздө алгылыктуу түрдө өнүгүп жаткан спорттун түрүнө кирет. Учурда аны менен машыккандардын саны 20 миңге жетет. Жана бул акыркы чек эмес», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, 20 өлкөдөн ашуун мамлекеттин 700 ашуун өкүлдөрү катышкан Азия чемпионатынын биздин өлкөдө өткөрүлүүсү спорттун бул түрүн жайылтуудагы чоң кадамдардан болуп саналат.

Азиянын спорттук күрөш боюнча 31-чемпионаты Бишкекте 27-февралдан 4-мартка чейин өтөт. Эл аралык турнирди жогорку деңгээлде өткөрүү максатында өкмөттүн буйругу менен КР вице-премьер-министринин төрагалыгы астында ведомство аралык уюштуруу комитети түзүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү