Шашылыш билдирүү! Бүгүн Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Автор -
334

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткириши мүмкүн. Андыктан министрлик шаар тургундарын сак болууга чакырат. Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.

Эске салсак, 24-апрелде Бишкек шаарында катуу шамал болжол менен саат 19:40 чамасында башталган.

Бөлүшүү