Шашылыш билдирүү! Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Автор -
0

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда төрт күн бою атайылап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 14-майдан 18-майга чейин жүргүзүлөт.

«Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 130 жана 300-чакырымында, Боом капчыгайынын ичинде таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Жолго жакын, тик жайгашкан тоо-кыркаларын түшүрүү иштери колго жасалат. Мындан улам бул жолдо маал-маалы менен эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 16:00гө чейин жабылып турат. Унаалардын топтолушуна жараша коё берилип, жол кыймылын ИИМдин өкүлдөрү көз салып турмакчы», -деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле министрлик айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.
 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү