Сооронбай Жээнбеков 2018-жылын Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Автор -
1276

Сооронбай Жээнбеков 2018-жылын Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүүнүн милдеттерин ишке ашыруу, аймактарды өнүктүрүүгө болгон мамилени системалуу өзгөртүү жана мамлекет менен коомдун күч-аракетин бириктирүү максатында токтом кылам:

  1. 2018-жыл Кыргыз Республикасында Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялансын.

2018-жылы региондорду колдоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү саясатын түп-тамырынан өзгөртүүнүн негизин салуу, ар бир регион боюнча узак мөөнөттүү программаларды кабыл алуу, алардын негизинде иш-чаралардын жылдык пландарын бекитүү жана ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын эң маанилүү милдети болуп эсептелсин.

  1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

1) 2018-жылдын 15-февралына чейин Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жана иш-чаралардын тиешелүү планын бекитүү;

2) 2018-жылдын 15-апрелине чейин аймактарды өнүктүрүүнүн учурдагы программаларынын ишке ашырылышын талдап чыгып, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча чараларды кароо:

— өсүүнүн таяныч борборлору принциби боюнча пилоттук шаарларды жана аймактарды өнүктүрүүгө басым жасоо менен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү кластердик мамилени пайдалануу;

— аймактарда чакан, орто ишкердикти колдоо үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, аймактарды экономикалык өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгөбагытталган долбоорлорду каржылоо боюнча финансылык институттардын жана фонддордун ишин активдештирүү;

— аймактарда адистештирүүнү бекемдөөгө, алардын атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүүгө, аймакта өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду кубаттоо;

— 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында ирригациялык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана модернизациялоо;

— 2023-жылга карата ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу;

— транспорттук кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу жергиликтүү маанидеги автожолдорду калыбына келтирүү жана оңдоо;

— санарип инфраструктурасын өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана сапатын жакшыртуу;

— саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, аймактарда сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, ошондой эле 2024-жылга бардык облустук бириккен ооруканаларды калыбына келтирүү жана кайра жабдуу;

— билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу, билим берүү мекемелерин, анын ичинде мектепке чейинки жана кесиптик-техникалык мекемелерди куруу жана калыбына келтирүү;

— ар бир облуста, айылдарда жана кичи шаарларда заманбап маданий, бош убакытты өткөрүүчү, спорттук борборлорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;

— чек арага жакын аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү;

3) 2018-жылдын 1-ноябрына чейин калктуу конуштарды жана башка аймактык бирдиктерди пландаштыруунун, ошондой эле алардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн типтүү стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;

4) Кыргыз Республикасынын президент аппараты жана жарандык коом институттары менен бирге эл аралык донорлор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен аймактык өнүктүрүү долбоорлоруна гранттык, техникалык жана насыялык колдоого артыкчылык берүү маселесин иштеп чыгуу;

5) жарандык коомдун өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар менен бирге Аймактарды өнүктүрүү жылынын идеяларын, анын иш-чараларын жайылтуу боюнча натыйжалуу маалыматтык ишти камсыз кылуу.

  1. Кыргыз Республикасынын президент аппараты Жогорку Кеңеши жана өкмөт менен биргеликте 2018-жылдын 1-февралына чейин төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизсин:

1) тиешелүү аймактарды өнүктүрүү, кадрдык дайындоолор жана мамлекеттик бюджеттик каражаттарды колдонууну контролдоо маселелерин кошо алуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү жамааттардын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүмаксатында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамы тууралуу;

2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен жыл сайын республикалык кеңешмелерди өткөрүү тууралуу.

  1. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын Жжтекчисине жүктөлсүн.
  2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бөлүшүү