Сооронбай Жээнбеков чек ара кызматынын төрагасын кабыл алды

Автор -
229

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди жана Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сооронбай Жээнбеков анын Өзбекстан жана Тажикстанга болгон иш сапарларынын натыйжасында жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз-тажик чек арасынын жана кыргыз-өзбек чек арасынын калган участкаларын делимитациялоо жумуштарын тездетүү боюнча бардык чараларды көрүүгө тапшырма берди.

Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров кыргыз-өзбек чек арасынын калган участкаларын аныктоо боюнча жумуштар ыкчам жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле 2018-жылдын экинчи кварталында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушууларынын натыйжасында жетишилген Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу маселелерди комплекстүү карап чыгуу үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусу белгиленген.

Президент мамлекеттик чек аранын участкаларын аныктоо боюнча жумуштарды тездетүү чараларын көрүш керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунун «Достук — автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы абалды талкуулоо үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Ош областындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында уюштурулган жыйындын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Уларбек Шаршеев «Достук — автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар комплексин өткөрүү боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө айтып берди.

Ал билдиргендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участкаларында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттарында чек арадагы аймактарда соода-сатыктын өнүгүшүнө байланыштуу жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүүдө. Өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу максатында паспорттук көзөмөл кабиналарынын саны 30га чейин көбөйтүлөт.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик чек аранын участкаларындагы өткөрүү пункттарынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү