Сооронбай Жээнбеков ИИМди «погончон кубулмалардан» тазалоону буйруду

Автор -
225

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-январда өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.

Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимине ылайык, ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар жана тапшырмалар талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын катарын милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштер менен шугулданган, а түгүл кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңги заттарын мыйзамсыз айлантууга байланышкан кылмыштарга аралашкан кызматкерлерден тазалоо боюнча жумушту күчөтүү милдетин койду. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы ички иштер органдарын реформалоого байланыштуу бардык иш-чараларды аягына чыгарууну тапшырды.

Ал Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн акыркы социологиялык изилдөөлөрдүн тыянактары боюнча коррупция жана жумушсуздук коомду өзгөчө түйшөлткөн көйгөйлөргө айланганын, бул сурамжылоолордо ички иштер органдары алдыңкы катарда экенин эскертти.

«Силердин алдыңарда коррупцияны жоюу боюнча олуттуу милдет турат», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана министр Улан Исраиловго милициянын катарын “погончон кубулмалардан” тазалоо ишин күчөтүүнү жана өлкөдө кылмыштуулук менен күрөштү активдештирүүнү тапшырды.

Бөлүшүү