Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады

Автор -
238

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда экологдорду кесиптик майрамы — Айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу экологдор!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктайм!

Биз ата-бабаларыбыздан кооз табиятты белек катары алганбыз жана аны келечек муундарга бүтүн өткөрүп беришибиз керек. Табиятка аяр мамиле кылуу биздин нравалык баалуулуктарыбыздын өзөгүндө жатат, алар ошондой эле табият жөнүндөгү мыйзамдардын негизин түзөт.

Сиздер урпактарыбыздын экологиялык таза чөйрөдө жашоосу үчүн өлкөнүн сейрек учуроочу ажайып кооз табиятын сактап калууга олуттуу салым кошуп жатасыздар.

Азыркы шарттарда жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча алдыңкы ыкмаларды колдонуу, экология маселелерин коомчулук менен кеңири талкуулоо сиздердин ишиңиздердин артыкчылыктуу багыттары болушу керек.

Экологиялык тарбия — бул өсүп келе жаткан муундун экологияга болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу. Аларды табияттын активдүү коргоочулары кылып тарбиялоо — мамлекеттик органдардын жана коомубуздун маанилүү жалпы милдети болуп саналат.

Биздин жарандардын, экологдордун, айлана-чөйрөнү коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери менен жаратылыш байлыктарыбызды жана анын көп түрдүүлүгүн сактап калабыз деп ишенем.

Кымбаттуу экологдор!

Сиздерге чың ден-соолук, бакубатчылык жана айлана-чөйрөнү коргоо ишинде албан ийгиликтерди каалайм».

Бөлүшүү