Сооронбай Жээнбеков менен Ильхам Алиев телефон аркылуу сүйлөшүштү

Автор -

Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Гейдар оглы Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттердин башчылары Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Бөлүшүү