Сооронбай Жээнбеков Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар менен жолугушту

Автор -
254

Президент Сооронбай Жээнбеков түрк окумуштуу-биохимик, АКШнын Түндүк Каролина университетинин медициналык мектебинин биохимия жана биофизика профессору, Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков профессор Азиз Санжар менен жылуу учурашып, эл аралык деңгээлдеги окумуштуунун Кыргыз мамлекетинде Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу үчүн келгенине абдан кубанычта экенин белгиледи.

«Сиздин келишиңиз жана студенттер менен жолугушууларыңыз биздин жаштардын илимге умтулуусуна жана жаңы ийгиликтерге жетишүүгө түрткү берет. Жалпы түрк тилдүү элдердин өкүлү катары өзүңүздү билдиргениңиз түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө зор салым кошот. Талыкпаган эмгектин аркасы менен сиз Нобель сыйлыгына татыган дүйнөгө таанымал окумуштуу болдуңуз. Биз сизди түрк тилдүү дүйнөнүн гана эмес, бүт адамзаттын эң татыктуу өкүлү деп эсептейбиз», — деп белгиледи президент.

 

Бөлүшүү