Сооронбай Жээнбеков президент Мамнун Хусейнди Пакистан күнү менен куттуктады

Автор -
640

Сооронбай Жээнбеков президент Мамнун Хусейнге Пакистан күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.

«Улуттук майрам – Пакистан Ислам Республикасынын күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргызстан менен Пакистандын салттуу достук мамилелери жана кызматташтыгы эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенем», – деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Мамнун Хусейнге чын ден-соолук, бакыт жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Бөлүшүү