Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков менен Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы абалды талкуулады

Автор -
288

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда, Сапар Исаков менен жолугушту. Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) азыркы абал тууралуу маалыматты укту. Сапар Исаков жылуулук борборунун ишин калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин борбор шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашынын себептерин кылдат изилдөө, тийиштүү тыянактарды чыгаруу жана жылуулук борборунун ишинин үзгүлтүккө учурашына күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тууралуу чечимин туура деп белгиледи.

«Бишкек жылуулук борборундагы кырдаал пайда болгондон баштап менин жеке көзөмөлүмдө болду. Тез арада бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук толук өлчөмдө берилиши керек», – деди Сооронбай Жээнбеков. Президент ооруканаларды, балдар бакчаларын, мектептерди жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мамлекет башчысы социалдык мекемелерди жылуулук менен камсыз кылууну, бул маселеге байланыштуу келип чыккан көйгөлөрдү ыкчам чечүүнү, элге борбор шаардын ЖЭБдагы кырдаал тууралуу так жана толук маалыматты жеткирип турууну тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков шаардыктарга катуу суук күндөрү көрсөткөн чыдамкайлыктары үчүн, ал эми үч сутка бою иш үстүндө болуп, жылуулук борборунун ишин калыбына келтирүү үчүн бардык күч аракетин жумшап жаткан жумушчуларга – каарман эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү