Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов менен жолугушту

Автор -
0

Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча дүйнө чемпиону жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Карпов менен жолугушту, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы Анатолий Карповго Кыргызстанга кезектеги келиши жана Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогуна балдар арасында шахмат боюнча V мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анатолий Карпов учурунда Кыргызстанда шахматка болгон өзгөчө балдар арасында абдан чоң кызыгуу байкалып жатканын белгиледи.

«Шахматка кызыгуу аябай өстү. Былтыр турнирге 250 бала катышса, быйыл алардын саны 400гө жетти. Булардын ичинде эң эле кичинекей, татынакай балдар бар. Ийгиликтер да бар, бир бала дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээледи. Кыргызстанда абдан таланттуу балдар бар, мен алардын мындан аркы өсүшүнө жардам беребиз деп ойлойм», – деди Анатолий Карпов.

Сооронбай Жээнбеков менен Анатолий Карпов 2018-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде балдар арасында шахмат боюнча Кубок өткөрүү, андан соң Кыргызстанда А. Карпов шахмат Академиясын ачуу маселелелери боюнча пикир алмашышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү