Сооронбай Жээнбеков: ТҮРКСОЙ 2018-жылды улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганына ыраазычылык билдиребиз

Автор -
356

«Биз ТҮРКСОЙ 2018-жылды улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганына ыраазычылык билдиребиз», –деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-мартта Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алуу учурунда.

«Быйыл ТҮРКСОЙдун 25 жылдыгы белгиленип жатат, буга байланыштуу уюмдун мааракеси менен куттуктайм. Сиз жетектеген ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жалпы бир тууган түрк элдеринин арасындагы руханий көпүрө катары көп иштерди аткарып жатканын жакшы билебиз. Кыргыз элинин маданиятын, рухий байлыгын дүйнөлүк аренага таанытууга, маданий байланышты чыӊдоого чоң салым коштуңуз. 2013-жыл Токтогул Сатылгановдун жылы, 2016-жыл Жусуп Баласагындын жылы, ал эми 2018-жыл улуу жазуучу, кыргыздын чыгаан уулу Чыӊгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланды. Биз быйылкы жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маанилүү иш-чараларды татыктуу өткөрүүгө бардык аракеттерди көрөбүз. Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин негизги иш-чарасы үстүбүздөгү жылы Ысык-Көлдө өтө турган Эл аралык форум болот», – деп белгиледи президент.

ТҮРКСОЙ Баш катчысы Дюсен Касеинов быйыл Чыңгыз Айтматовдун жылына карата бүт дүйнө жүзү боюнча көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөрүн, ТҮРКСОЙ апрелде Чыңгыз Айтматовго арналган баштапкы иш-чара өткөрүүнү пландаштырып жатканын белгиледи.

Бөлүшүү