Сулайман-Тоонун күнгөй тарабы жамгырлатып суугарыла баштады (фото)

Автор -
447

Бүгүн, 13-июнь күнү Сулайман-Тоонун  күнгөй тарабындагы бак-дарактарды суугаруу үчүн тартылган суу түтүктөрү ишке берилип, жамгырлатып суугарыла баштады. Жашылдандыруу иштерине багытталган иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев , Сулайман-Тоо археологиялык музей комплексинин эмгек жамааты жана шаар тургундары менен биргеликте күбө болду.

Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев бул иш-аракеттерди ишке ашырууда жалпы музей комплексинин жамаатынын эмгеги чоң экендигин белгилеп, ыйык Сулайман-Тоону көздүн карегиндей сактап, тазалыгына, кооздугуна салым кошууга жалпы шаардыктарды жана конокторду үндөп кетти.

Сулайман-Тоо архиологиялык музей комплексинин директору  Султанбек Абдыракманов жамгырлатып суугаруу ыкмасынын максаты Борбордук Азиянын визиттик карточкасы болуп эсептелген ыйык тоону келечекте жашыл зонага айлантуу экендигин баса белгиледи.

Музейдин  суугат жана жашылдандыруу бөлүмүнүн башчысы Койчуман Маматкадыров Сулайман-Тоонун күнгөй тарабындагы 8 гектар жерге аралыгы 25 метрден ашуун болгон 73 даана суу чачуучу темир түтүктөр орнотулуп, 250 кВттык 2 насос менен Жайпас каналынан суу чыгарылгандыгын айтып, тескей тарабына инвестор тартуу иш аракеттери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жалпысынан тендердик баасы 6 млн. сом болгон долбоор, өткөн жылы башталган. Долбоорду ишке ашыруу “Улар транс” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн.

Бөлүшүү