Түндүк Корея азыр деле АКШ менен жолугууга даяр экенин билдирди

Автор -

Пхеньян АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда өтөрү кабарланган саммитти токтотконуна карабай, азыр деле сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди.

Трамп Түндүк Кореянын акыркы билдирүүлөрүндөгү «эбегейсиз кыжырдануудан жана ачык кастыктан» улам узактан бери күтүлгөн жолугушууну азыркы тушта өткөрүүнү орунсуз деп тапканын белгилеген.

Түндүк Кореянын тышкы иштер боюнча вице-министри Ким Ке Гван 25-майга караган түнү Трамптын билдирүүсүнө жооп кайтарып, Пхеньян Вашингтон менен маселелерди чечүү үчүн «кандай гана учур, кандай гана шарт болбосун» даяр экенин жарыялады.

Гван Трамптын чечими «күтүүсүз» жана «кайгылуу» болгонун белгилеп, сүйлөшүүлөрдү токтотуу Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы мамиленин денгээлин көрсөтүп турарын жана аны жакшыртуу үчүн токтоосуз түрдө саммит өткөрүү керектигин билдирди.

«Биздин дүйнөдө жана Корей жарым аралында тынчтык менен туруктуулук орнотууга болгон дилгирлигибиз өзгөрүүсүз калат. Биз АКШга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүдө ачыкпыз», — деди ал.

Саммиттен баш тартуу чечимин АКШ президенти 24-майда Түндүк Корея лидерине жазган катында жарыялаган. Тарыхый иш-чара 12-июнда Сингапурда өтмөк.

Трамптын расмий каты жарыяланганга чейин Түндүк Кореянын жогорку расмий өкүлү Чхве Сон Хи АКШнын вице-президенти Майк Пенсти айыптап, аны «саясий куурчак» деп атаган.

Вашингтон менен Пхеньян саммитти өткөрүү тууралуу марттын башында макулдашкан. Жолугушуу сунушу Түндүк Кореядан түшкөн. Аны уюштуруу үчүн мамлекеттик катчы Майк Помпео Түндүк Кореяга эки жолу барып келген.

Бөлүшүү