Төрага Ак-Талаа районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кабыл алды 

Автор -
240

Бүгүн, 24-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу айылдык кеңештердин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда ак-талаалыктар бир катар маселелерди көтөрүшүп, райондун инфраструктурасына тиешелүү жолдорду реконструкциялоо, бала бакча, мектеп жана райондогу чоң айылдарды байланыштырган көпүрөлөрдү куруу зарылчылыгына да токтолушту. Андан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутаттары Кош-Дөбө, Жерге, Ак-Чий, Терек, Баетов, Үгүт, Көк-Жар жана Кызыл-Белес айылдарындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат беришип, жерлерди трансформациялоо маселелесин да чечүү керектигин кошумчалашты. Ошондой эле жолугушууда депутаттар Төрагадан Нарын, Баетов жана Казарманды байланыштырган чоң жолду жакынкы аралыкта оңдоого көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Төрага Дастанбек Жумабеков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында түшкөн маалыматтардын баарын тыкыр иликтеп чыкканын билдирди. Белгилей кетсек, Төрага баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары эки ай мурун Нарын облусуна барып, Ак-Талаа районунда да болгон.

«Ак-Талаа районундагы иш сапарымдын алкагында аймактын инфраструктурасына тиешелүү көптөгөн көйгөйлөрдүн бар экенине ынандым. Сөзсүз аймактардагы жашоо-шартты жакшыртып, суу курумдарын, жолдордун, мектептердин, ооруканалардын, стадиондордун курулушуна көңүл буруубуз зарыл. Эгер биз өспүрүмдөрдүн саламаттыгы мыкты болуусун кааласак, кошумча спорттук мекемелер менен камсыздашыбыз керек. Мен мурда силердин аймактагы инфраструктураны жакшыртууга көмөк көрсөтөм деп убада бергем. Ага ылайык биз Ак-Талаа районунун акими менен тыгыз жана жигердүү иш алып барабыз. Айтылган көйгөйлөрдүн көпчүлүгү, каржылык чыгымдарга байланышкан. Андыктан, актуалдуулугуна жараша баарын бара-бара чечебиз», – деп кайрылды Төрага Дастанбек Жумабеков.

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков фермер Кылыч Жапаровго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын ыйгарып, Рысбек Шыгаевге коомдук жардамчы күбөлүгүн тапшырды. Өз кезегинде Ак-Талаа районунун депутаттары Дастанбек Жумабековду ушул жылдын күзүндө өтө турган Баетов айылынын 90 жылдык маарекесине чакырышты.

 

Бөлүшүү