Түрк телеканалдары көчмөндөр оюндарын түз эфирде көрсөтөт

Автор -
403

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат менен жолугушту.

Жолугушууга алдыңкы түрк компанияларынын өкүлдөрү жана ишкерлер катышышты.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түрк телеканалдарында чагылдыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан аркы кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

«Түрк телеканалдары Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарын түз эфирде көрсөтүүгө, ошондой эле аларды өткөрүүнү маалыматтык колдоого даяр. Кызматташууга түрк маалымат агенттиктери дагы даяр турушат. Алсак, «Анадолу» маалымат агенттигинин кабарчылар түйүнү дүйнөнүн дээрлик бардык жерлеринде бар. Биздин жаңылыктар дүйнөнүн 13 тилинде чыгат. Биз Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу ар кыл өлкөлөрдүн көп сандагы жашоочулары билишин каалайбыз», – деп белгиледи Женгиз Камиль Фырат.

Женгиз Камиль Фырат Түркиянын Жаштар жана спорт министрлиги Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн спортчуларды тандоо маселелерин чечип жатканын билдирди.

«Муну менен бирге оюндарга Түркия Республикасынан артисттер келишет. Көчмөндөр оюндарын колдоо максатында Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгы мелдештердин катышуучулары үчүн 600 даана кийим даярдоону каржылайт. Мындан тышкары түрк авиакомпаниялары өз учактарынын бортторунда алдыдагы оюндар тууралуу промороликтерди көрсөтүүгө жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотибин учактарында жайгаштырууга даяр», – деп билдирди элчи Женгиз Камиль Фырат.

Өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы – бул өз ара мамилелери жогорку деңгээлдеги эки жактуу кызматташуу менен сыпатталган бири-бирине жакын мамлекеттер экенин белгиледи.

«Белгилүү болгондой, 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Жарлыгы менен Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Муну эске алуу менен эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ишкер форумду өткөрүү мүмкүндүгүн карап чыгуу максаттуу», – деди ал.

Бөлүшүү