Түркия: Эрдоган кайрадан президент болуп шайланды (Видео)

Автор -

Түркия президенти Режеп Эрдоган бейрасмий жыйынтыктар боюнча биринчи айлампада эле жеңишке жетишкенин жана ал жетектеген “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы парламенттик көпчүлүккө ээ болгонун билдирди.

«Калк мага президенттик жана аткаруу бийлиги үчүн жоопкерчиликти ишенип берди», -деди 64 жаштагы Эрдоган.

Түркиянын мамлекеттик ММКлары билдиргендей, добуштардын 94% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайип Эрдоган 52,86% менен алдыда.

Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык — элдик партиясынын талапкери Мухаррем Инже 30,75% менен экинчи, абактагы саясатчы, Элдик -демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 7,94% үчүнчү, “Жакшы” партиясынын лидери Мерал Акшенер 7,45% добуш менен төртүнчү орунда.

Ал эми парламенттик шайлоодогу добуштардын 80%дан ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы менен улутчул Улуттук кыймыл партиясы түзгөн “Элдик альянс” 43% менен алдыда.

Бирок оппозициячыл партиялар Эрдоган шашылыш билдирүү жасады деп эсептешип, шайлоо учурунда анын талапкерлиги үчүн үкөккө бюллетендер жапырт түрдө ташталган болушу мүмкүн деп кооптонушууда.

Эрдоган 15 жылдан бери бийликте – алгач премьер, 2014-жылдан тарта президент болгон.

Шайлоо күнү түрк полициясы “Эрдоганды социалдык түйүндөр аркылуу мазактоо” айыбы менен алты кишини кармады.

2017-жылы Конституцияга өзгөрүү киргизилип, Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга багыт алган. Ошондон бери бул өлкөдө биринчи жолу шайлоо өттү.

Бөлүшүү