Талас: Селдин келтирген материалдык чыгымы аныкталды

Автор -
0

Таласта болгон селдин келтирген материалдык чыгымы аныкталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл аймагында 2018-жылдын 11-июнунда болжол менен саат 18:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн.

«Ак-Жар айылында 11 турак үйдүн короо сарайларын, 8 га 80 сотык айдоо жерлерди каптап, каналдын 75 метр аралыгын суу жеп кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 108080 сомду түзгөн»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү