Тармактык комитетте 2017-жылга карата Өкмөттүн иши боюнча отчету угулду

Автор -
0

Бүгүн, 12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту каралды.

КР Өкмөтүнүн өткөн жылдагы аткарган иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады. Өкмөт башчы 2017-жылдагы өлкөдөгү негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү белгилеп, укук тартиби жана коопсуздук жаатында көрүлгөн чараларга токтолду.

Жыйын жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев сырттан алынган насыялардын максаттуу багытталышына басым жасап: “Карыз алуу – бул жетишкендик эмес”,- дейт.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева калктын жакырчылык деңгээли, энелердин өлүмү боюнча маалыматтар өлкөнүн негизги көрсөткүчтөрү болуш керектигин айтты. Эл өкүлү Жыргалбек Турускулов 2017-жылы ар кандай себептерден улам мектепке барбай калган балдар тууралуу маселе козгоду. Депутат Иса Өмүркулов болсо КР Өкмөтүнүн өкүлдөрүнө акыркы үч жыл аралыгында “Таза суу” долбоорун, агрардык секторду, ирригациялык тутумду өнүктүрүүнү каржылоо көлөмү боюнча жана банкрот деп жарыяланган мамлекеттик ишканалар боюнча маалымат берүүнү тапшырды.

Депутат Кенжебек Бокоевдин пикиринде, КР Өкмөтү акимдерди дайындоо маселесине өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Укук коргоо тутумун реформалоонун натыйжалуулугуна депутат Курманкул Зулушев токтолсо, эл өкүлү Аалы Карашев киреше булактары боюнча ИДПны түзүү маселесин белгилеп, республиканын баардык облустарында жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында региондорго инвестиция тартууга көңүл бурду.

Бир катар эл өкүлдөрү КР Премьер-министри М.Абылгазиев КР Өкмөтүнүн мурдагы башчыларынын отчетун берип жаткандыгын билдиришти. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган отчетту Жогорку Кеңештин кароосуна жолдоо чечимин кабыл алышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү