Ташкент-Худжанд автобус каттамы ачылды

Автор -
253

26 жылдык тыныгуудан кийин Ташкент-Худжант багыты боюнча автобус каттамды жанданды. Анын алгачкы жүргүнчүлөрү – мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, транспорт компаниясынын кызматкерлери, туристтер жана журналисттер 15-майда Худжанддагы «Жибек жолу» автобекетине келишти.

Ташкенттик конокторду Согди облус администрация башчысынын орун басары Рустам Рахматзода тосуп алды. Маалыматтарга караганда, кийинки жумадан баштап, автобус менен Душанбеден Өзбекстандын Термез шаарына чейин барууга болот.

Өзбекстан Транспорт министрлигинин өкүлү Хайрулло Каримов өкмөт аралык келишимге ылайык, жакын арада Душанбе-Денау, Пенжикент-Самарканд, Ташкент-Фергана багыттары боюнча автобус каттамдары ачыларын билдирди.

Эки өлкө жүргүнчүлөрүн өзбекстандык «Манзара туризм» жана «Asian express» компаниялары тейлейт.

Худжанд-Ташкент каттамы боюнча билеттин баасы 50 сомони ($5.5) турат.

Бөлүшүү