Тажикстанда өмүр бою соттолгондор үчүн түрмө курулат

Автор -
472

Душанбеден алыс эмес жайгашкан Рудаки районунун аймагына өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын абак курулат. Бул тууралуу өткөн аптада Тажикстандын Жазаларды аткаруу кызматынын төрага орун басары Илхом Махмудзода Женевада, БУУнун кыйноолорго каршы комитетинде баяндама жасап жатып билдирди.

«Тажик өкмөтү өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар үчүн атайын түрмө куруу милдеттенмесин алган жана аны аткарат. Учурда мамлекеттик түзүмдөр сунушталган долбоорлорду карап, абактын курулушунун сметасын түзүп жатышат», — деди Махмудзода.

Тажикстан өткөн жумада БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинде кыйноолор боюнча эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышы тууралуу отчет берди.

Тажикстанда 2004-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. Былтыр жайында өлкөнүн Юстиция министрлиги республика боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган 80 адам бар экенин билдирген. Алардын арасында Президенттик гвардиянын мурдагы командири Гаффор Мирзоев, өлкөдө тыюу салынган Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын лидеринин орун басарлары Саидумар Хусайни менен Махмадали Хайит жана Элдик фронттун белгилүү командири Лангари Лангариевдин иниси Сухроб Лангариев бар.

 

Бөлүшүү