Тажикстанда терроризмди «лайк» аркылуу колдогондор түрмөгө кесилет

Автор -

Тажикстанда мындан ары эл алдында теракт жасоого чакырык таштап же терроризмди кубаттагандар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары 13-июнда Кылмыш кодексинин “Террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасоого чакырык таштоо жана террордук ишмердүүлүктү актоо” беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө бир добуштан макул болушту. Ага ылайык, Интернет аркылуу терроризмге чакырык таштагандар узак мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Тажикстандын көз карандысыз массалык маалымат каражаттары ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибоев Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү – экстремизм жана терроризмге байланышкан жазаларды күчөтүү жараянынын уландысы экенин белгиледи.

“Туура ой жүгүрткөн киши терроризм жана экстремизмди жактабай турганы белгилүү. Бирок укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдын нормалары туура эмес чечмеленип калышы мүмкүн. Ошондуктан парламент кандай аракеттер мындан ары кылмыш болуп эсептелери туурасында так түшүндүрмө бериши керек”, -деди ал.

Тажикстандын соттук тажрыйбасында өлкөдө тыюу салынган уюмдардын маалыматтарына же террордук мүнөздө деп эсептелген материалдарга “лайк” баскан интернет колдонуучуларын түрмөгө кескен учурлар катталган.

Бөлүшүү