Тогуз –Торо окуясына шектелген 15 адамдын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды

Автор -
0

Тогуз-Тородогу бейбаштык боюнча кармалган 15 жарандын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

17-апрелде Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жүздөн ашык адам суракка чакырылган. Алардын ичинен 15 адам кармалган. Алар ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгып, имаратын өрттөп салышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү