Тоокторду тирүүлөй кайнак сууга салып бышырган ашкана жабылды

Автор -
406

Тажикстандын көзөмөл органдары Согди облусунда тоокторду тирүүлөй казандагы кайнаган сууга салып бышырган «Мурги ором» ашканасын жапты.

Худжанддын четинде жайгашкан «Мурги ором» ашканасы буга чейин тоок этинен жасалган тамактары менен белгилүү болуп келген. Бирок социалдык түйүндөрдө ашпоздор тирүү тоокторду кайнаган сууга салып, андан соң гана терисин тазалап жатканы тартылган видео тараган.

Бул тасмадан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору ашкананы текшерүүгө алган. Борбордун башкы дарыгеринин орун басары Фуркат Шариповдун айтымында, 15 күн мурун тыйын үндөмдөп калуу үчүн ашпоздордун оттогу кайнак сууга тоокторду тирүүлөй салып жиберишкени аныкталган. Текшерүү маалында тазалык эрежелери сакталбаганы да белгилүү болгон.

Санитардык нормалар одоно бузулганы үчүн ашкана жабылды. «Мурги ором» жетекчилигине карата түзүлгөн протокол чара колдонуу үчүн райондук прокуратурага жөнөтүлдү.

Шариповдун билдиришинче, 2017-жылы да ашкана текшерүүгө алынып, 1 миң сомони (110 доллар) айыппулга жыгылган.

Бөлүшүү