«Центерранын» акчасы кайда кетип жатат?

Автор -
215

Бир күн ысык мешке капталып отурган же болбосо «жумушту абдан катуу сүйгөн» адамдардын максаттары жөнүндө жазгым келди. Мисалы Емеля тууралуу. Кээ бир эксперттер «Центерранын» активдеринен айлана-чөйрөнү булгабай эле акча табуунуун келечегин укмуштуудай кылып сүрөттөгөнүнөн улам, мен да мунун чын-төгүнүн текшерейин деп чечтим. Алдын ала айтып койгонум оӊ го, менин да, мен жардам сурап кайрылган кесипкөй адамдардын да бүтүмү жүрөк жылытарлык болгон жок. Алдыман чыккан түшүнбөстүктөрдөн улам менин билимим жетпей Википедиядан маалымат тактап, сураганга туура келди.

Алгач мени «дилюшн», «дилюция» аттуу бейтаныш сөз таӊ калтырды. Өзүмдүн сүйүктүү издегичиме (Google,Яндекс) кирип издесем бул англисче «dilution» сөзүнүн орусча айтылышы болуп чыкты. Ал сөз — бөлүштүрүү же суюлтуу деген маанини түшүндүрөт экен. Мына ушул нерсени мен издеп жаткам, анткени ушул нерсе С. Исаковдун «колубузду бууп салды, биз эч нерсе кыла албадык» деген сөзүнүн чечмелениши эле. Сөз биздин «Центеррадагы» активдерибиз жөнүндө болду, бизге тиешелүү активдер Канадада жайгашкан Маунт Миллигандагы «Центерранын» эмиссия боюнча кошумчасы «дилюцияга» учурады же «бөлүштүрүлүп» берилген. Анда «Центерра» кошумча 26 млн акция чыгарган жана биздин 32ден 26,6 пайызга чейинки үлүшүбүздү агызып же бууп салган (бул жердеги жана төмөндөгү суммалар тегеректелип берилди).

Дилюциянын механизмге жөпжөнөкөй: мага акча керек болгондо мен акция жарыялайм, учурдагы акционерлердин үлүшү буулуп калат. Албетте, бул дилюциянын жалпак тил менен түшүндүрмөсү болду. Алгач биз «Центерранын» максатын түшүнүшүбүз керек. «Центерра» каалаган убакта биздин үлүшүбүздү бууп, агызып сала алат жана биз ага эч кандай таасир бере албайбыз. Анткени анын механизм укмуштуудай иштелип чыккан.

Бирок, эӊ өкүнүчтүүсү азыркы болуп жаткан окуялардын мындан ары да уланары жана өрчүй турганы болду. Алдыман мени чочуткан суммалар чыкты, бул ири суммалар мени гана коркутту окшойт, анткени билген адамдар унчукпай кымыйып жүрүшөт. Мисалы, 2017-жылы «Центерра» 188 млн долларды Free Cash Flow (FCF)ке коротулду деп отчет берет. FCF — эркин акча агымы маанисине келип, бул сумманы эч кандай тосколдуксуз алып коротсо болот, анткени, анын эсеби буга чейин эле чечилген. Эгерде биз 2017-жылы «Центерра» менен үлүштү 50/50 деп эсептеп иш кылганда, казынага 90 млн доллар кошумча түшмөк экен. Бул бир гана жылдын ичинде!

Эми 3 жыл ичинде Кыргызстан «Центеррадан» канча киреше тапты деген суроого жооп берсек. Үч жыл ичинде болгону 16млн доллар! Албетте 560 млн доллардын бизге эмне кереги бар, «Центерра» турганда. Убагында Thompson Creek Metals компаниясы «Центерра» менен келишимди токтотууга чейин барган. Анткени, анын карызы ошол убакта токтокпосо 800 млн долларды түзмөк эле. А бизге албетте боло берет! Бизге акча асмандан түшүп турат.

Мынакей сиздин каршыӊызга Кыргызстан Кумтөрдөн 3 млрд 472 млн доллар киреше тапты деген жаӊылык чыкты. Кубандырабы? Албетте, кубандырат! А негизи бул сумма Кумтөрдүн 1994-жылдан берки кирешеси.
Улантсак, Кумтөрдөн түшкөн киреше сөзсүз түдө салыкка, сатып алууга, электр жарыгына, Соцфондко ж.б. нерселерге сарпталат. Бул сумманы Кыргызстандын деле компаниялары төлөп бере алмак. А бөлүштүрүп келгенде беш жыл ичинде 93 млн долларга дал келет экен. Элестетип атасызбы беш жыл ичинде 93 млн доллар, ал эми үч жылда болгону 16 млн доллар.

Мен албетте, экономист эмесмин, менин экспеттеримда академик эмес, болгону – кесипкөй адистер. Эгерде «Центерра» менен 50/50 пайыз кылып иш жүгүрткөнүбүздө анда 100 млн доллар киреше тапмакпыз. А бизге андай бекер акчанын кереги эмне, андан көрө Кытайдан карыз алабызда күндөрдүн бир күнүндө төлөп бүтөбүз. Мени акылдуу эксперттер сынга алганда унутпаӊыз, сиз ишеним көргөзүп аткан адамдар өлкөнүн патриоттору эмес, алар башка «байкеге» иштеп жатышат.

Бөлүшүү