«Визион К» компаниясынын президенти ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланды

Автор -
302

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтык мамилелерди чыӊдоого кошкон салымы жана кайрымдуулук иштери үчүн «Визион К» компаниясынын президенти Жо Жонг Вон Жогорку Кеӊештин Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты вице-спикер Мирлан Бакиров тапшырды,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Мирлан Бакиров жалпы депутаттардын атынан Жо Жонг Вонду кыргыз парламентинин башкы сыйлыгына ээ болушу менен куттуктап, анын эки өлкө ортосундагы кайрымдуулук иштериндеги ийгиликтери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Визион К» компаниясы 2011-жылдан бери Кыргызстанда консалтигдик кызмат көрсөтүү менен, кайрымдуулук иштерин жасап келет. Анын көмөгү менен кыргызстандык 47 балага Кореяда операция жасалды, быйыл дагы 6 бала дарыланууга даярдалып жатат. Операциялардын чыгымын толугу менен Гиль ооруканасы менен компаниянын өнөктөштөрү көтөрүүдө. Алардын баары жүрөк дартына чалдыккан балдар.

Андан тышкары, Жо Жонг Вон мырзанын көмөгү менен кыргызстандык 5 студент Кореянын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Визион К» компаниясы ушу тапта Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу максатында бизнес-долбоорлорду даярдоодо. Анткени, өткөн жылы Кореянын Нонсан шаарынан келген 11 компаниянын өкүлдөрү «Бишкек – 2017» эл аралык көргөзмө-жарманкесине катышып, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү жаатында маалымдар болуп кайтышкан.

 

Бөлүшүү