Өзбек имамдары мамлекеттен бекер үй алышат

Автор -

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын муктаж кызматкерлерине жана имамдарына жаңы салынган турак-жайлар берилет.
Бул өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин “Диний-агартуу тармагынын ишмердүүлүгүн түп тамырынан бери жакшыртуу чаралары жөнүндөгү” жарлыгынында каралган.
Өзбекстан Муфтиятынын алдында дин кызматкерлерине жана имам-хатибдерге айлык маяна төлөп бере турган “Вакф” коомдук кайрымдуулук фонду түзүлөт.
Мындан тышкары өз ишинде арткычылык көрсөткөн жана муктаж болгон имам-хатибдер жаңы долбоор менен салынган үйлөргө ээ болушат.

Булак: centralasian

Бөлүшүү