Өзбекстан облустарынын биринде түнкүсүн сейилдөөгө тыюу салынды

Автор -
276

Кашкадарыя облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери түнкү 22.00дөн кийин чайханада отурган кишилерди кармап, аларды административдик айыпка тартууда.

«Жура» чайханасынын кардарларынын биринин айтымында, 30-апрелде күтүүсүз келген райондук милиция кызматкерлери кечки тамакты аягына чейин ичирбестен, аларды автобуска салып, милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

«Алар облус башчысынын чечимине ылайык, түнкү 22.00дөн кийин көчөдө сейилдөөгө тыюу салынганын айтышты. Бул убакытта үйдө отуруш керек экен», – деди жергиликтүү жашоочу.

Ал тогуз кишиге айыппул салынганын кошумчалады.

Яккабаг райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери бул маалыматты тастыктады. Ал бул иш-чара кылмыштуулуктун санын азайтып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатына жүргүзүлүп жатканын билдирди. Тартип сакчынын айтымында, кечкисин спирт ичимдиктерин ичип, жаңжал чыгарган кишилер гана кармалууда.

 

Бөлүшүү