Өзбекстан Ооганстандын мунайгаз тармагы үчүн кадрларды даярдайт

Автор -
AppleMark

Өзбекстан Ооганстандын мунайгаз тармагы үчүн адистерди даярдайт. Тиешелүү меморандумга Ташкент менен Кабул кол коюуга даярданып жатканын ооган маалымат каражаттары жазышты.

«Өзбекстан биздин мунайгаз тармагыбыз үчүн адистерди даярдоого жардам берет деп күтүлүүдө. Учурда меморандумдун үстүнөн иштеп жатабыз, жакында кол коюлушу керек. Анда бул маселе боюнча тараптардын милдеттенмелери аныкталат», – деп билдирди Ооганстандын мунай министринин милдетин аткаруучу Наргис Нихан.

Анын айтымында, жакында өзбек адистери Ооганстанга барганда бардык маселелер талкууланып, жыл сайын Өзбекстанда окуп келе турга ооган адистеринин саны такталат.

Өткөн жылы Өзбекстандын Сурхандарья облусунда ооган жарандарын окутуу боюнча билим берүү борбору ачылган. 110 кишиден турган ооганстандык студенттердин алгачкы тобун борбор быйыл январдын аягында кабыл алган.

Ал жогорку, орто жана профессионалдык билим берүү программалары боюнча кадрларды даярдоо, ошондой эле гуманитардык, педагогикалык жана инженердик-техникалык багыттар боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу менен алектенет.

Бөлүшүү