Өзбекстанда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бейтапка кол көтөрдү

Автор -

 

Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминери Ресубликалык инфекциялык ооруканада бекер гемодиализ процедурасын алуу боюнча жардам сурап кайрылган бейтапка кол көтөрдү.

Атын атабоону өтүнгөн Ташкент шаарынын тургуну жума башында клиникада бекер гемодиализ жана фильтр болбогондуктан, медициналык жардам ала албай калган жана Саламаттык сактоо министрлигине арызданып барган.

Бирок министрликтин өкүлү анын арыз-муңуна кулак төшөөнүн ордуна муштум кезеген. Видеожазуудан аткаминер кардарга орой мамиле жасап, мобилдүү телефонун тартып алууга аракет кылганын көрүүгө болот.

Саламаттык сактоо министрли кызматкердин аракетин актабай турганын, ага карата чара көрүлөрүн билдирди. Окуя дүйшөмбү күнү болгон.

Бейтаптын айтымында, учурда Ташкентте бекер гемодиализге муктаж адамдар көп, бирок алар бекер медициналык жардам ала албай келишет.

«Алар оорулууларга жаңы фильтрлерди беришпейт. Бир жолу колдонулуучу фильтрди үч жолу колдонушат. Гепарин, венофер жана репретин сыяктуу препараттарды да беришпейт. Бейтаптар аларды өз акчасына сатып алышууда. Диализ процедурасы 4 саатка созулушу керек, дарыгерлер болсо аны 3 саатта эле бүтүрүп коюшат», –деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү учурда Өзбекстанда гемодиализ аппараттары жетишсиз экенин айтты. Анын билдиришинче, учурда 17 жабдуу гана бар, ал болсо 4 миң бейтапты тейлөөгө кудуретсиз.

Гемодиализ бөйрөктөр иштебей калганда колдонулат жана бул органдын милдетин аткаруу менен бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам берет.

 

Бөлүшүү