Жаңы өкмөттүн программасынын аталышы белгилүү болду (Видео)

Автор -

Жаңы өкмөттүн программасынын аталышы белгилүү болду. Ал «Биримдик, ишеним, жаратмандык» деп аталат.

«Азыр президентибиз элдин ишенимин акташ үчүн өз ишмердигин жаңы барактан баштап отурат. Ушул жагдайда биз баарыбыз – бийликтин бардык бутактары – Жогорку Кеңеш, өкмөт, жалпы коомчулуктун колдоосу менен президентибизге көмөктөшүп, эл турмушун жакшыртып, мамлекетибизди бекемдөөгө күч аракет жумшашыбыз керек. Бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарсак, бардык максаттарга жете алабыз. Сиздер ишеним көрсөтсөңүздөр, биз экономикабызды чыңдап, өндүрүштү жолго коюп, элдин жашоосун жакшыртууга бүт күч-аракетибизди жумшайбыз. Жаратмандык менен иштеп элдин ишенимин актоого өз салымыбызды кошобуз. Ошондуктан биз программабызды “Биримдик, Ишеним, Жаратмандык” деп атадык”, — деди Абулгазиев.

Учурда Мухаммедкалый Абылгазиев өз программасы менен тааныштырууда.

 

Бөлүшүү