Жакынкы айларда бензин жана башка мунай заттары кымбатташы мүмкүн

Автор -
383

Жакынкы айларда бензин жана башка мунай заттары 5-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, январь-апрель ичинде бензин орто эсеп менен 0,75 сомго, ал эми дизель майынын наркы эки сомго кымбаттаган.

«Баанын кымбаттоосу май айынын ортосунда россиялык мунай затын кайра иштетүүчү заводдордун чыгарган продукциясы кескин көтөрүлүп кеткендиктен улам болду. Январь-апрель айларында Россия рыногунда кымбаттоо орто эсеп менен алты пайызды түзгөн. Бирок май айынын ичинде 10 пайызга чыгып кеткен», — деп айтылат таратылган маалыматта.

Нефтетрейдерлердин айтымында, Европада да мунай заттары кымбаттаган. Бул Европа багытына чыккан россиялык продукцияларды экспортуна таасирин тийгизди. Ал аталган мамлекеттин башка рынокторго, тагыраагы Кыргызстанга да келип жаткан күйүүчү жана майлоочу майлардын баасын жогорулатканы айтылган.

Маалыматта сезондук фактор да болуп жатканы кошумча кабарланган.

«Жогорудай жагдайлардан улам Кыргызстанда да баа кымбаттайт. Жакынкы айларда бензин жана башка мунай заттары 5-10 пайызга кымбатташы мүмкүн», — деп билдиришти.

Нефтетрейдерлер баага көзөмөл салып, анын кескин көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп турарын кошумчалашты.

Бөлүшүү