Жанар Акаев: Коррупция менен күрөшө турган убак келди

Автор -

Жогорку Кеңеште ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгы каралуусу улантылууда.

Депутат Жанар Акаев ЖЭБ окуясы бардык мамлекеттик кызматкерлерге сабак болушу керектигин айтты.

«Коңшу Казакстан алдынкы 50 өлкөнүн ичине кирүүгө аракет кылууда, экономикасы артта деген Тажикстан «Коопсуз шаарды» ишке салып койду. Биз кычкачты көтөрүп уят болуп отурабыз. Сырттан келген карызды туура эмес иштеткени боюнча иштердин бети ачылып жатат, мамлекет итке минип турса дагы карыздан уурдаган «кыргыз азаматтары» бар экени өкүнүчтүү. Жолубузду Кытай, мектеп мечитти арабдар куруп берсе, аларга жалдырап жүрөбүз да. Коррупция менен күрөшө турган убак келди, туура эмес иш болуп жатканда убагында айтыш керек», — деди Акаев.

Бөлүшүү