Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмеси бекитилди

Автор -
236

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмеси бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Калктын саламаттыгын сактоонун ажырагыс бөлүгү катары дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жашоо үчүн маанилүү дары-дармектеринин тизмеси  – бул саламаттык сактоонун артыкчылыктуу муктаждыктарын камсыздаган, жоктугу бейтаптардын ден соолугуна жана жашоосуна коркунуч туудурган жашоо үчүн зарыл дарыларды камтыган медициналык колдонуудагы дары каражаттарынын тизмеси.

Бул документти ишке ашыруу жарандарды алды менен Жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын, керектелүүчү материалдардын тизмесиндеги таасирдүү, сапаттуу жана коопсуз дары каражаттары менен камсыздоого багытталган. Бул тизменин негизинде медициналык жардамдын кепилденген көлөмү көрсөтүлөт, мамлекеттик сатып алуулар ишке ашырылат, дары-дармектердин баасын толук/бөлүп толуктоо программасы жүргүзүлөт.

Бөлүшүү