Жеӊиш күнү коопсуздукту жети миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат

Автор -
361

Кыргызстан боюнча 9-майдагы майрамда элдин коопсуздугун камсыз кылууга жети миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч миңден ашуу милиция Бишкектеги тартипке көз салат.

Ала-Тоо жана Жеңиш аянттарындагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларда жана «Өлбөс полк» акциясында коопсуздукту эки миңден ашык милиция кызматкери камсыз кыла турган болду.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгын майрамдоо учурунда борбор калаадагы бир нече көчө жол кыймылы үчүн жабылат.

 

 

Бөлүшүү