Жээнбеков: Аталардын даӊктуу жолун улантуу, Мекенди көздүн карегиндей коргоо – биздин милдетибиз!

Автор -
0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу толугу менен берилет:

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Урматтуу жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер! Офицерлер жана генералдар!

Урматтуу коноктор!

Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Улуу Жеңиш күнүн белгилеп жатып, Мекенибизди душмандан коргоп, эӊ ырайымсыз жана күчтүү жоону жеӊген, бүгүнкү тынчтыктын шартында жашоого жеткирген аталарыбыздын эрдигин даӊазалайбыз.

Мекен үчүн өз өмүрүн арнап, согушта курман болгондордун элесине таазим этип, алардын ар биринин ысымдарын эскеребиз.

Арабызда жүргөн ардагерлерибизге чын дилибизден чыккан ыраазылык билдирип, алардын амандыгын тилейбиз.

Жеӊишке жетиш үчүн эмгектеги теӊдешсиз эрдикти жаратып, адамдын мүмкүнчүлүгү чегине жеткен аракеттерди ишке ашырган, фронтко ишенимдүү тыл болуп, жоокерлерге дем берип турган ооруктун ардагерлерине рахмат айтабыз.

Биз фашизмди жеңип, дүйнөлүк адамзатты нацизмден куткарган улуу муундун өкүлдөрү менен сыймыктанабыз.

Урматтуу мекендештер!

Экинчи дүйнөлүк согуш адамзаттын тарыхындагы эӊ масштабдуу, эң катаал, эң ырайымсыз, мыкаачылыктын согушу болду. Согушка жер жүзүнүн 80 пайыз калкы тартылган.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊишке жетиш үчүн 27 млн. совет жарандары курман болгон. Советтер Союзундагы дээрлик ар бир үй-бүлө бул согушта жакындарынан айрылды.

Согуштагы  негизги соккуну өзүнө алып, совет эли дүйнөнү фашисттик агрессиядан, нацизмдин кулчулугунан сактап калды. Адамзаттын совет солдатына болгон үмүтү акталды. Биздин аталарыбыздын эрдигине дүйнө эли баа берип, ыраазылык билдирди.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышкан, 152 миңден ашуун адам каза болгон.

Алардын эрдиги жогору бааланып, 73 кыргызстандыкка Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган, ал эми  21 Кыргызстандын өкүлү «Даңк» орденинин толук кавалери болгон. Жалпысынан 150 миӊ кыргызстандыктар ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Кыргызстандык жоокерлер биз бүгүн белгилеп жаткан Жеӊиш күнүнө жетүүгө зор салым кошкон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү