Жээнбеков БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды 

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча чаралар жана маселелер талкууланды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2018-жылдын 13-майына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Шайлоо дайындалган алты жергиликтүү кеңештин ичинен Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине жана Чүй областынын Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт.

«Токтогул шаардык кеңешине шайлоого 6 партия катышат, алар 21 мандат үчүн күрөшөт. Шайлоого үгүт иштери башталды. Шайлоо комиссияларынын курамдары бекитилди», — деп билдирди Нуржан Шайлдабекова.

Ошондой эле ал 2018-жылдын май айында өткөрүү болжолдонгон коомдук диалогдун негизги максаттары жана багыттары талкуулана турган шайлоо жөнүндө мыйзамды мындан ары жакшыртуу Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берди. Андан соң жумуш парламенттик деңгээлде улантылат.

«Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар, көз карандысыз эксперттерди камтыган Президенттин Жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топтун алкагында жаралган үч топто бул маселе боюнча жумуштар аткарылууда. Керектүү эксперттик колдоо эл аралык өнөктөштөр – ЕККУ, БУУӨП жана ЕС аркылуу жана ошондой эле демократиялык шайлоо системасын өнүктүрүүнүн айрым маселелери боюнча башка институттар аркылуу көрсөтүлүүдө», — деп белгиледи БШК башчысы.

Ошондой эле Нуржан Шайлдабекова БШКнын алдында Жарандык билим берүү борборун түзүү аркылуу жарандык билим берүүнүн системасы ишке кирише турганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, партиялык системаны бекемдөө боюнча жумушту активдештирүүнү сунуштап, саясий партиялардын парламенттик системасын өнүктүрүүдө өзгөчө ролун белгиледи.

Ошондой эле ал шайлоо системасынын учурдагы маселелерин коомдук жана парламенттик талкуунун, кийинки шайлоого чейин керектүү өзгөртүүлөр киргизилип, шайлоонун катышуучуларына алдын ала түшүндүрүү максатында убакытты так пландаштыруунун зарылдыгын белгиледи.

 

Бөлүшүү